«Мега» уюлдук операторун баасы кымбат учурунда сатканыбыз жакшы - ММБФ

«Мега» уюлдук операторун баасы кымбат учурунда сатканыбыз жакшы - ММБФ

“Мега” уюлдук операторун баасы бар учурунда сатканыбыз жакшы. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашев эгер “Мега” сатылбаса, эртеңки күндө бир тыйынга бааланбай калуу сыяктуу тобокелчиликтер барбы деген суроосун берди. Ал эми Бакиров бул нерсени рынок талап кылып жатканын айтты.

“Кимде интернет күчтүү болгон болсо, келечек ошонуку. Азыркы атаандаштыкта акыбалдары өтө эле жакшы эмес. Аналитиканы кылып туруп, азыр баасы бар учурунда сатыкка алып чыгыш керек”, – деди ММБФнын жетекчиси.

Эскерте кетсек, бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жаткан. Бирок кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев MEGA уюлдук оператору Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтүшү мүмкүн деген болжолдуу маалымат берген.

Мындан тышкары окуңуз

Эми алкоголдук продукцияга акциз салыгы жогорулайт

Эми алкоголдук продукцияга акциз салыгы жогорулайт

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата акциз салыгынын ставкалары жогорулай турганын маалымдады. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгы этап-этабы менен жогорулатылат. Анын ичинде, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сом өлчөмүндө

Өзгөчө эмгек шартындагы кызматкерлердин жумуш убактысы бекитилди

Өзгөчө эмгек шартындагы кызматкерлердин жумуш убактысы бекитилди

Министрлер Кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ болгон кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтом Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык иштелип чыгып, өзгөчө эмгек шарттарында иштеген кызматкерлердин жумуш убактысын эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана эмгек жүктөмүнүн

Тоголок алтын кенине тоо-кен техникалары жеткирилди

Тоголок алтын кенине тоо-кен техникалары жеткирилди

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы иштеп жаткан Тоголок алтын кенине атайын оор тоо-кен техникасынын кезектеги партиясы жеткирилди. Компаниядан билдиришкендей, жеткирилген техника кенди өздөштүрүү боюнча иштердин толук комплексин жүргүзүүгө арналган. Тоголок кени Кыргызстандагы тоо-кен тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоорлордун бири катары бааланат. Учурда кенде пайдаланууга даяр төмөнкү техникалар бар:

Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткизилип 5500 сомдон сатылып жатат

Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткизилип 5500 сомдон сатылып жатат

"Кыргызкөмүр" ААКнын башкы директору Кайрат Маматов жумушчу иш сапары менен Нарын облусунда болду. Иш сапардын алкагында Кара-Кечеде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көзөмөлдөнүп, калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери текшерилди. Учурда Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулунун калкты көмүр менен камсыздоо иш-аракеттеринин негизинде Кара Кечеден алып келинген 500 тонна