№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат

№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат

Мамлекеттик ипотекалык команиясы (МИК) ААК аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Мисалы, Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда”, – дейт президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Ошондой эле маалыматта эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1.3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында, бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6.2 млрд сомдон ашык суммага берилгени (2021-жылы 1.6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4.6 млрд сомго 1 800 батир) айтылат.


Акылбек Жапаровго «Асман», «Бишкек Сити» жана №47 колониянын ордуна курулуучу турак жай комплексинин курулуш долбоорлорун көрсөтүштү

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Бишкек шаарында "Тай-Брейк" кортторунун базасында "Теннис Парк" жыл бою иштээрлик теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору үчүн жеке өнөктөш тандоо конкурсу өткөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады. Конкурстун экинчи баскычына катышууга  "Теннис Парк" ЖЧКсы компаниясы кабыл алынып, өзүнүн каржылык жана техникалык

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

Бишкекте бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин коллегиясы болуп, анда "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" 2025-жылга карата ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков акыркы жылдары фонд ишмердүүлүгүн башкаруунун жаңы моделине өтүп, каржылык тартипти бекемдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга басым жасалганын билдирди. Финансылык

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров УКМКнын бардык орун басарларын кызматтан бошотту. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын бир нече орун басары кызматтан бошотулган. Атап айтканда, кызматтан бошотулган адамдар: * УКМКнын биринчи орун басары Курванбек Авазов; * УКМКнын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев; * УКМКнын орун басары, Антитеррордук борбордун директору

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ош шаарында курула турган жаңы мектептер боюнча жумушчу жыйын өттү. Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, жыйында 2026-жылы курулушу пландалган 10 мектептин долбоорлору, курулуш аймактары, инфраструктуралык камсыздоо, курулуш иштеринин этаптары жана мөөнөттөрү талкууланды. Жер тилкелеринин