АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты

АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты

КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун аталган мекеме Баткендеги социалдык объектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында билдирүү жарыяланды.

АРИСтин маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болуп өткөн куралдуу жаңжалдан кийин КРнын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка Региондук экономикалык өнүктүрүү (ПРЭР-2) долбоорунун “Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү (CERC)” 4-компонентин активдештирүү жөнүндө суроо-талап жөнөткөн. Ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймактарындагы чыр-чатак учурунда жабыркаган социалдык объекттердин тизмеси бекитилген.

Мындан тышкары ПРЭР-2 Байкоочу кеңеши өз чечими менен чыр-чатак учурунда жабыр тарткан социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, ФАПтар) калыбына келтирүүгө 10 млн АКШ долларын кайра бөлүштүрүүнү жактырган. Дүйнөлүк банктын 4-компонентти (CERC)  ишке киргизүүгө расмий макулдугу 2022-жылдын 14-ноябрында алынган.

“Белгилей кетсек, жаңы курулушка ДСД 10 социалдык объект үчүн иштелип чыккан. Долбоордун алкагында андан ары ишке ашырууга бардык тийиштүү документтери, анын ичинде оң мамлекеттик экспертизасы менен АРИСке берилген”, – дейт агенттик.

Ошондой эле АРИС аталган Долбоорду ишке ашыруучу агенттиги катары, КР иштеп чыккан долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) жана 5 социалдык объекттин тиешелүү сметаларын – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга – КРнын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (Мамкурулушка) мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө бергенин маалымдады.  

“5 объекттин долбоордук-сметалык документтерине жүргүзүлгөн мамэкспертизанын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган Жобонун негизинде оң корутунду алынган“, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле агенттик Баткен облусунун айрым социалдык объектилерине ДСДны жогорулатуу жөнүндө жайылтылып жаткан маалымат – туура эмес экендигине басым жасады.

Азыркы учурда тендердик процесс гана жүрүп жатат (сунуштарды баалоо) – бул келишимдерге кол коюла элек, курулуш иштери баштала элек жана тийиштүү түрдө каржылоо жүргүзүлгөн эмес дегенди билдирет.

АРИС 2023-жылдын 20-январында курулуш бааларын жогорулаткандыгы жөнүндө маалымат таратылгандан кийин мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алган объекттер боюнча документтерди, бардык долбоордук-сметалык документтердин ченемдерге шайкештигин текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Мамкурулуш) кайра жөнөттү.


Мамлекет Баткендеги объекттерди 123 млн сомго кымбат баалаган АРИСтин долбоорунан баш тартат

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Бишкек шаарында "Тай-Брейк" кортторунун базасында "Теннис Парк" жыл бою иштээрлик теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору үчүн жеке өнөктөш тандоо конкурсу өткөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады. Конкурстун экинчи баскычына катышууга  "Теннис Парк" ЖЧКсы компаниясы кабыл алынып, өзүнүн каржылык жана техникалык

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

Бишкекте бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин коллегиясы болуп, анда "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" 2025-жылга карата ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков акыркы жылдары фонд ишмердүүлүгүн башкаруунун жаңы моделине өтүп, каржылык тартипти бекемдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга басым жасалганын билдирди. Финансылык

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров УКМКнын бардык орун басарларын кызматтан бошотту. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын бир нече орун басары кызматтан бошотулган. Атап айтканда, кызматтан бошотулган адамдар: * УКМКнын биринчи орун басары Курванбек Авазов; * УКМКнын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев; * УКМКнын орун басары, Антитеррордук борбордун директору

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ош шаарында курула турган жаңы мектептер боюнча жумушчу жыйын өттү. Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, жыйында 2026-жылы курулушу пландалган 10 мектептин долбоорлору, курулуш аймактары, инфраструктуралык камсыздоо, курулуш иштеринин этаптары жана мөөнөттөрү талкууланды. Жер тилкелеринин