Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты

Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты


Азиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чет элдик коноктор Киев көчөсүндө Манас көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин кыймылды уюштуруунун пилоттук долбоорун көрсөтүштү жана сунушташты.

Бул бөлүктө алар жашыл аймактарды уюштурууну, утурлама багыттардагы велосипед тилкелерин жана негизги коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкени кантип түзөөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле, коомдук транспорт чөйрөсүндөгү адистер бул жол участогун изилдеп чыгып, коомдук транспорт үчүн унаа жолунда кошумча аялдамаларды түзүү зарыл деген бүтүмгө келишти.

“Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев долбоор менен жакындан таанышып, аны колдоду, ошондой эле биздин адистер менен биргеликте бул долбоорду экинчи этапта Ибраимов көчөсүнө чейин улантууну сунуштады”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча