Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. 

“Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи жолу интервенция жасады

Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи жолу интервенция жасады

КРнын Улуттук банкы 30-мартта жыл башынан берки бешинчи ирет валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Анын негизинде жалпы 178,9 млн $ сатылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык бул сумманын 95,9 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Акыркы интервенция жыл башынан берки эң ири интервенциянын бири болуп калды. 2026-жылдын башынан бери

Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды

Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды

Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүндө, Ала-Арча дарыясынын жээгин бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул чаралар өзгөчө кырдаалдар учурунда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулганы маалымдалды. Иш-чаранын алкагында бир катар мыйзамсыз объекттер демонтаждалды. Анын ичинде темир тосмолор, жеңил типтеги курулуштар, күркөлөр, контейнерлер, бастырмалар, ошондой

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Министрлер Кабинети менен "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Келишимдин алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер өндүрө турган цемент заводун куруу пландалууда. Инвестициялык келишимге Министрлер Кабинетинин атынан Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономиканы институционалдаштыруу жана заманбап аналитикалык инструменттерди киргизүү маселелерине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага илимий-изилдөө мекемелеринин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, кесиптик диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашты. Конференциянын жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, туруктуу саясатты калыптандыруу жана