Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт

Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт

Швейцария өкмөтү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына 2023-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилге 9 миллиондон ашык АКШ долларын бөлдү. Бул тууралуу Швейцариянын КРдагы элчилиги билдирди.

Программанын максаты – өзгөчө аялуу элеттик жамааттарды климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине даярдоо жана алардан коргоо иштерин жакшыртуу болуп саналат.

Каражатты Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 250 миңге жакын кожолук жардам алышат. Иштер КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылмакчы.

Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер жана БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Кожиро Накай КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун катышуусунда макулдашууга кол коюшту.


Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет

Швейцария өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусунун элине 450 миң доллар берет

Швейцария “КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу” долбооруна 5 млн франк берди

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча