Кыргызстанда миграциядан кайтып келгендерди колдоо көрсөтүү программасын иштеп чыгууда

Кыргызстанда миграциядан кайтып келгендерди колдоо көрсөтүү программасын иштеп чыгууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциядан кайтып келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү программасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурдоолот Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдан бери биз социалдык контракт түзүп, гранттык негизде бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди. Өлкө боюнча 99 окуу жайдын базасында эмгек рыногунда талап кылынган 125 кесип боюнча билим алууга болот. Министрлик ушул жылдан баштап ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу жаатындагы ишти дагы күчөтөт, анткени эмгек мигранттарынын кайтып келүү тенденциясы байкалууда.

«Башка өлкөлөрдөн кайтып келген эмгек мигранттар өз бизнесин ачуу үчүн ар кандай тармактарда тажрыйба жана баштапкы капиталды алып келишет. Биздин милдет -аларды колдоо, ошондуктан азыркы учурда 15 миң кыргызстандык үчүн ишкердик негиздери жана финансылык сабаттуулук боюнча акысыз окутуу уюштурулат», – деди Нурдоолот Базарбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,