Бишкекте жол түйүндөрүн курууга Кытай $34 млн грант берет

Бишкекте жол түйүндөрүн курууга Кытай $34 млн грант берет

Кытай өкмөтүнүн $34 млн грантына Бишкекте төрт чоң жол өтмөк курулат. Бул тууралуу 1-мартта борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери 2023-жылы башталып, жылдын аягына чейин эки жол алмашууну бүтүрүү пландалууда. Алар төмөнкү жол кесилиштерде курулат:

  • Л.Толстой – Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук түйүн;
  • Л.Толстой көчөсү аркылуу Ч.Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүндө эстакадалык өтмөктөр;
  • Л.Толстой – Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорт түйүнү;
  • Анкара – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук жана эстакадалык көпүрө;
  • Чүй проспектиси – Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу транспорттук түйүн.

«Өткөн жумада мен Кытайдын элчиси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Подрядчылар март айында келишет, кытайлыктар тендер өткөрүшүүдө. Бул жол түйүндөр чоң курулуштар болгондуктан, май куюучу жайларды жана соода жайларын бузууга туура келет», – деди мэр.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"