ӨКМ 40 өрт өчүрүүчү унаа техникасы тапшырылды

ӨКМ 40 өрт өчүрүүчү унаа техникасы тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 өрт өчүрүүчү атайы техникасы тапшырылды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргызстан жана Россиянын мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында бүгүн кыргыз тарапка 40 даана өрт өчүрүүчү унаа өткөрүлүп берилүүдө.

«Жыл сайын биздин республиканын аймагында 200дөн ашык ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталат. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттеринен келтирилген материалдык чыгым 4 млрд сомду түзөт. Бул техниканы алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаалар паркын толугу менен жаңыртып, куткаруучуларыбыздын ишин бир топ жеңилдете алабыз деп ишенем», – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчү цистерналар «КАМАЗ» унааларынын базасында 6 000 литр суу багы жана 360 литр көбүк менен иштейт, насостун кубаттуулугу секундасына 40 литр сууну түзөт. Автоунаа ар кандай диаметрдеги 18 өрт түтүктөрү менен жабдылган. Мындан тышкары гидрант, арыктардан (көлмөлөрдөн) суу чогултуучу гидроэлеватор жана керектүү авариялык жабдуулар жана шаймандар бар. Ошондой эле өрт өчүрүүчү цистерна айыл жеринде жана тоолуу аймактарда өрттү натыйжалуу өчүрө турган ар кандай узундуктагы 3 тепкич менен жабдылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"