Өкмөт июлга чейин санариптик кодексин аягына чыгарууну талап кылууда
Министрлер кабинети Санариптик кодексти ушул жылдын июлуна чейин даярдап сунушун күтөт. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
«Даярдалып жаткан Санариптик кодекс мыйзамдардагы бардык карама-каршылыктарды жоюп, санариптик экономикага жаңы дем берет деп күтөбүз. Бул кодекс тар чөйрөдөгү адистерге эле эмес, ар бир жаранга түшүнүктүү болушу керек экендигине көңүл буруу зарыл», – деди Жапаров.
Ошондой эле, калкты улуттук паспорттор менен камсыз кылууда үзгүлтүккө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмалары берилди.
Эске салсак, азыр Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча өкмөттүк жыйын өтүүдө.