Акылбек Жапаров: Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок

Акылбек Жапаров: Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок

Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минкабдын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилгенден тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди көрсөтүп турат.

«Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Болгону, ишкерлер учурдагы мыйзамдарга ылайык, контролдук-кассалык машиналарды орнотуп, ал аркылуу иштөөсүн суранабыз. Контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилгенден тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди айгинелейт. Бизнес ар кандай «күңүрт», же көмүскө схемаларды колдонбостон, ачык-айкын жана чынчыл иштеши керек», – деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, буга чейин бир топ финансылык каражаттар мамлекеттик казынага түшпөй келген.

«Азыр салык чогултуу кыйла жакшырды. Биз фискалдык системаны мындан ары да жакшыртууну улантабыз. Дал ушул каражаттарга жолдор жана көпүрөлөр, жаңы социалдык объектилер курулуп, пенсия менен социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлүп, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйүүдө. Ар бирибиз, анын ичинде ишкерлер да салыктык чегерүү жана бажы төлөмдөрү түрүндө түшкөн каражаттар кандай максаттарга жумшалып жатканын так түшүнүүбүз керек”,- деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"