Талас районунда медициналык практика борборунун жетекчилиги 2.1 млн сомго зыян алып келген – УКМК

Талас районунда медициналык практика борборунун жетекчилиги 2.1 млн сомго зыян алып келген – УКМК

Талас райондук Жалпы медициналык практика борбордогу медицина кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй жаткан. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айынан тарта Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды», – деп УКМК белгиледи.

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында мамлекетке 2.1 млн сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"