Туризм жаатында ишкерлер үчүн бизнес-акселератор башталат

Туризм жаатында ишкерлер үчүн бизнес-акселератор башталат

Кыргызстандагы Accelerate Prosperity туризм жаатында ишкерлер үчүн акселерацияны баштап жатат. Бул тууралуу USAID билдирди.

Маалымат боюнча, акселератор Кыргызстан боюнча туристтик уюмдарга ачык. Төмөнкү багыттар боюнча ишкерлер катыша алышат:

  • укмуштуу туризм (приключенческий);
  • уникалдуу туристтик продуктылары бар ХОРЕКА;
  • калыбына келтирүү жана ден соолук менен байланышкан туризм;
  • инновациялык ыкмаларды колдонгон башка туристтик компаниялар.

Негизги критерийлер:

  • жумуш тажрыйбасы – 1 жылдан кем эмес;
  • жылдык кирешеси 350 миң сомдон кем эмес;
  • командада кеминде 2 адам бар.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 27-мартында аяктайт. Программанын жеңүүчүлөрү $50 миң долларга чейин инвестиция ала алышат Катышуу үчүн шилтеме аркылуу катталса болот.

Акселерация USAID жана Ага Хан Фондунун (AKF) «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен. Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон. 2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га,

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң