Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн насыя берүүдө «Айыл банк» жана «РСК банк» жооптуусуңар - Бакыт Төрөбаев

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн насыя берүүдө «Айыл банк» жана «РСК банк» жооптуусуңар - Бакыт Төрөбаев

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө насыя берүү маанилүү. Ошондуктан бул ишти алып барууда «Айыл банк» жана «РСК банк» жооптуу. Бул тууралуу «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. 

Минкаб башчысынын орун басары бөлүнгөн каражаттар өз убагында максаттуу жумшалышына тиешелүү банктар жооптуу экенин кошумчалады. 

«Бул тармакты өнүктүрүү үчүн быйыл дагы 7 кластер кошулуп жатат жана ал дагы кошумча каражат. Буга түздөн-түз «Айыл банк» жана «РСК банк» жооптуусуңар. Дыйкандар быйыл эмне эгээрин Айыл чарба министрлиги сиздер алдын ала айтып турушуңуздар керек. Ошондо ишкерлер экспортко чыгууда жана жергиликтүү жарандарды азык-түлүк менен камсыздоодо маселелер жаралбайт», – деди Төрөбаев. 

Төрөбаев белгилегендей, кластердик системанын принцибинде иштеген ишканалар өз тармагында лидер болуп калат жана мындай өзүн-өзү камсыздоонун пайыздык көрсөткүчтөрү 100% чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-декабрда Түндүк Каролина штатында сүйлөп жатып, ФБР анын резиденциясында жүргүзгөн тинтүү боюнча АКШ өкмөтүнүн атынан доо арыз берип, өзүнө өзү 1 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, эгерде мындай каражат алынса, аны кайрымдуулук фонддоруна берүүгө даяр. Эске салсак, 2022-жылдын август айында