Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапары менен келди

Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапары менен келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында минкабдын башчысы өлкөнүн ар кыл аймактарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышууну пландаштырууда.

Мындан тышкары Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашаган этностук кыргыздар менен да жолугушууну көздөп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-декабрда Түндүк Каролина штатында сүйлөп жатып, ФБР анын резиденциясында жүргүзгөн тинтүү боюнча АКШ өкмөтүнүн атынан доо арыз берип, өзүнө өзү 1 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, эгерде мындай каражат алынса, аны кайрымдуулук фонддоруна берүүгө даяр. Эске салсак, 2022-жылдын август айында