Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болот

Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болот

2026-жылга чейин тоок жумурткасы, эт, сүт, кумшекер, өсүмдүк майы, дан азыктары, картошка, жер-жемиш жана мөмө-жемиштер сыяктуу азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Төрөбаев «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча мамлекеттик ведомстволордун, банктардын жана айыл чарба тармагындагы ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү

Төрөбаев 2026-жылга чейин КР өнүктүрүүнүн улуттук программасында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бөлүнгөнүн билдирди. 

«Айыл чарба тармагын көтөрүүдөгү багыттардын бири катары кластердик өнүгүүнү карасак болот.  Мындайча айтканда, кластер — киреше табуу максатында чакан айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн өз ыктыяры менен биригүүсү. Ошондо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз. Бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоонун бир бөлүгү экенин дайым айтып келем. Ошондой эле, бул үчүн 2026-жылга чейин эң көп керектелүүчү азык-түлүктөр менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоо боюнча Президент тапшырма койгон, биз аны аткаруубуз зарыл», – деди ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"