Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Өзбекстандын бир топ ишканлары менен таанышышты

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Өзбекстандын бир топ ишканлары менен таанышышты

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан Global Textil, Fazman Textile, Art Soft Holdings жана Iftihor Kiyim Sanoat ишканаларында болушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Global Textile фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров жеңил өнөр жайы Кыргыз Республикасынын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экендигин белгиледи.

«Муну эске алуу менен Өзбекстан Республикасынын текстиль өндүрүшүнө инвестицияларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартуу боюнча тажрыйбасы биз үчүн өтө маанилүү. Биз ошондой эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү заказчиктерибиздин катарына сиздер жигердүү жана ийгиликтүү кызматташып жаткан дүйнөлүк бренддерди тартуу менен өнүгүүбүз керек», – деп билдирди Жапаров.  

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-декабрда Түндүк Каролина штатында сүйлөп жатып, ФБР анын резиденциясында жүргүзгөн тинтүү боюнча АКШ өкмөтүнүн атынан доо арыз берип, өзүнө өзү 1 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, эгерде мындай каражат алынса, аны кайрымдуулук фонддоруна берүүгө даяр. Эске салсак, 2022-жылдын август айында