ЕАЭБ Араб Эмираттарында логистикалык хаб түзүүгө кызыкдар
Евразия экономикалык комиссиясы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапарынын алкагында Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Жакынкы Чыгыштын өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.
Анын ичинде «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү маселеси талкууланды. БАЭ Евразиялык Агроэкспресс долбооруна кошуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.