ЭТТКга байланыштуу нааразычылыктар түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн натыйжасы – Нурланбек Шакиев

ЭТТКга байланыштуу нааразычылыктар түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн натыйжасы – Нурланбек Шакиев

Электрондук товардык-транспорттук кагаздарга (ЭТТК) байланыштуу түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн натыйжасы ушундай нааразычылыктар болуп чыкты. Бул пикирди Жогорку Кеңештеги Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

«Андыктан алгач түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүп, андан кийин гана чечим кабыл алуу шарт. Ошондой эле дароо эле катуу жаза чараларды колдонбостон, ишкерлерге алгач эскертүү берүү зарыл. Ал эми Салык кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин экинчи окууда кароодо, бардык сунуш-пикирлерди эске алууга аракет кылабыз», – деп Шакиев убадалады.

Талкууда «Салык консультанттары палатасы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Татьяна Ким ЭТТК колдонуудагы көйгөйлөрдү көтөрсө, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Акбаралиев менен Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин президенти Сталбек Акматов салык саясатындагы маселелерге токтолушту.

Жыйын катышуучулары аталган кеңештин иши кайрадан жанданып, ишкерчиликке тиешелүү көйгөйлөр талкууланган негизги аянтчага айланганына ыраазычылыгын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"