Токтогул ГЭСинде экинчи гидроагрегатты капиталдык оңдоо иштери башталды
Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагында экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК басма сөз кызматы билдирди.
Бул долбоордун башкы подрядчысы GE Hydro France & GE Renewable Switzerland экени белгиленген. Учурда подрядчы демонтаждоо иштерин баштады.
Реконструкциялоонун натыйжасында гидроагрегат Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун 60 МВт жогорулатат. Реконструкциялоо 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.