Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолот

Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолот

Нарын шаарында 18.5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет. Бул тууралуу президенти Садыр Жапаров Нарын облусунун активи менен аймакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмесинде маалымат болду.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлорун тааныштырды.

Такталгандай, Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 млн сом керектелет. Негизги Ленин көчөсүнө жүктү азайтуу үчүн Орозбак уулу көчөсүнүн айланма жолго чыгуучу 1.28 км узундуктагы уландысын куруу пландалууда. Ошондой эле, Ленин көчөсүн толук реконструкциялоо, аллеяларды жана 9.5 км узундуктагы ирригациялык системаларды куруу планда каралган.

Министр IV категориядагы мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөрүн билдирди. 2023-жылы трассанын 36 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Сметалык баасы 612 млн сомду түзөт.

2-этапта 2024-2025-жылдары трассанын калган 84 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоорлорду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"