Жалал-Абаддык ишкерлер инвестиция үчүн долбоорлорун сунушташты

Жалал-Абаддык ишкерлер инвестиция үчүн долбоорлорун сунушташты

Accelerate Prosperity долбоорунун алкагында Жалал-Абад облустун тандалып алынган ишкерлери үчүн акселерациялык программаны аяктады. Бул тууралуу долбоордун маалымат кызматы билдирди.

Программанын бүтүрүү иш-чарасы демонстрация күнү болду, анда окуу курсун ийгиликтүү аяктаган катышуучулар, 16 ишкерлер, өз компанияларын инвестициялык консультативдик комитетке тааныштырышты жана инвестицияларды масштабдоо үчүн иштелип чыккан стратегияларды сунушташты.

Питчингдин жыйынтыгы боюнча Аccelerate Prosperity ASIA долбоордун алкагында $50 миң чейинки долбоорлорду өнүктүрүүгө инвестиция алуу максатында андан ары комплекстүү баалоо (DD – due diligence) үчүн төмөнкү долбоорлор тандалып алынды: ЖИ “Окенов К.А.”, ЖИ “Тилек Осмонов” и ЖЧК “Нур-Береке Арал”.

Due diligence-тен өткөндөн кийин, компаниялар инвестиция алышат. Ошондой эле, акселерациянын катышуучулары бүтүрүүчүлөрдүн клубуна жана уюмдун андан аркы иш-чараларына мүмкүнчүлүк алышат.

Маалымат үчүн:

Бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылып Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргалчылыктын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"