Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Министрлер кабинети 2026-жылга чейин бизнестин өнүктүрүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу Экономика министрилиги билдирди.

Программа жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жеке сектордун чараларынын жана демилгелеринин жыйындысы болуп саналат жана төмөнкүлөргө багытталган:

  • 2026-жылга карата дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинин рейтингинде КР көрсөткүчтөрүнө 10 позицияга жетишин камсыз кылуу;
  • сервистик бизнести тейлөө моделине өтүү (салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, бажы инфраструктурасын санариптештирүү, бизнести мамлекеттик жөнгө салууну дебюрократизациялоо жана башкалар);
  • технологияны жана сергек атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо;
  • КР туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн финансы-банк системасын ESG талаптарына ылайык келтирүү;
  • курулуш, транспорт, энергетика жана финансы секторлорунда ESG стандарттарына ылайык долбоорлорду каржылоону жана ишке ашырууну 50%га көбөйтүү;
  • эл аралык фонддор тарабынан каржылоо үчүн, анын ичинде экологиялык долбоорлор боюнча тышкы карыздарды кечүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн контекстинде туруктуулук жана циклдүүлүк принциптеринде каржылоону тартуу боюнча 10дон кем эмес техникалык-экономикалык негиздемени жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу.

Программа ошондой эле 2026-жылга чейин ишкер аялдар үчүн мыкты өлкөлөрдүн тизмесинде КР рейтингин 50 денгээлден кем эмес деңгээлге көтөрүүнү, ошондой эле өлкөнүн аймактарында өзүн өзү иш менен камсыз кылгандардын санын көбөйтүүнү сунуштайт. 2023-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кеминде 1000 аял тартылат.

2023-жылга карата Кытай жана Өзбекстан менен чектеш аймактарда соода борборлорун түзүү чаралары белгиленген. Программа эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга жана долбоорлорду иштеп чыгууга ачык боло турган демилгелерди камтыйт.

Программа 101 иш-чарадан турат жана 2026-жылга чейин ишке ашырылышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"