Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкы түзүлүшү мүмкүн – долбоорго $30 млн керек

Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкы түзүлүшү мүмкүн – долбоорго $30 млн керек

Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкын түзүү пландалууда. Бул тууралуу 13-мартта Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясынын (IBIC) вице-президенти Валентин Добрынин Ислам инвестициялык бизнес форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында КРда биринчи ислам банкын түзүү пландаштырылууда. Анткени, учурда өлкөдө шарият эрежелери боюнча гана иш алып барган бир дагы банк жок.

«КР жарандарынын арасында пайызсыз кредиттерге жана ислам банкингине шайкеш келген финансылык продуктыларга абдан муктаждык бар. Бул муктаждык кыймылсыз мүлк, унаа, смартфон сатып алууда, же өз бизнесин ачууда көрүнөт», – деди Добрынин.

Ал кошумчалагандай, Iman банкын түзүү үчүн $30 млн жакын каражат керек.

«$25 млн жакын инвесторлордон (банктын уюштуруучуларынан) табууга болот жана IFC $5 млн бөлүүгө даяр. Кошумчалай кетсек, IBIC корпорациясы $2.5 млн жакын өз каражаттарын инвестициялай алат. Кийинчерээк уставдык капитал $100 млн чейин көбөйтүлөт», – деп жыйынтыктады Добрынин.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"