Кыргызстандык өндүрүүчүлөр инвесторлор үчүн халал продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр инвесторлор үчүн халал продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту

Кыргызстандан келген өндүрүүчүлөр Жакынкы Чыгыштан келген инвесторлорго тартуулоо үчүн Бишкекте халал продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту. Иш-чара IBIF-2023 Ислам инвестициялык бизнес форумунун алкагында өттү.

Кыргызстандын 20дан ашык ири өндүрүүчүлөрү кургатылган жемиштерди, жаңгактарды, эт азыктарын, буурчак өсүмдүктөрүн, улуттук суусундуктарды, кийизден жасалган буюмдарды тартуулашты. Ошондой эле ата мекендик туроператорлор конокторго Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

«Акыркы жылдары Made In Kyrgyzstan бренди дүйнөнүн негизги рынокторунда туруктуу позицияны ээлеп келет. Көптөгөн кайрылуулар биздин продукцияны Кыргызстанга алып келүүгө гана эмес, биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар компаниялардан келип түшүүдө», – дейт форумдун уюштуруучусу.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"