Кыргызстанда күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК таризделет

Кыргызстанда күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК таризделет

Салык кызматынын маалыматтык системасында 42 миң 48 ишкер катталган жана жыл башынан бери электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Жалпысынан ЭТТКны 59 миң 289 субъект колдонууда. «ЭТТК» системасына 1 млн 425 миң 219 товардык номенклатура киргизилген. Активдүү кампалардын саны 70 миң 469.

Күн сайын ишкерлер тарабынан 43 миңден ашык ЭТТК жазып берилип, 500дөн ашык активдүү кампа түзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр колдонушууда.

2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.

«ЭТТК» системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Корумду–Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Корумду–Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери жигердүү уланууда. Учурда асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилке 17 калктуу конуш аркылуу

Бишкекте турак үйлөрдүн жанында убактылуу курулмаларга тыюу салынды

Бишкекте турак үйлөрдүн жанында убактылуу курулмаларга тыюу салынды

Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанындагы жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул чечим Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан тургундардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынган. Максат — шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жашыл аймактарды жана тротуарларды бош кармоо, ошондой эле объекттердин

Финансылык кылмыштарга каршы күрөш: Кыргызстан ЭВФ менен кызматташат

Финансылык кылмыштарга каршы күрөш: Кыргызстан ЭВФ менен кызматташат

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары З. Акназаров Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууда коррупция, уюшкан кылмыштуулук жана салыктык укук бузууларга каршы күрөшүү, ошондой эле мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы

Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу

Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу

2026-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы расмий валюта курстарын жаңылады. Маалыматка ылайык, сомго карата негизги чет элдик валюталардын дээрлик бардыгы арзандады, ал эми АКШ доллары туруктуулугун сактап турат. АКШ долларынын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,45 сом деңгээлинде калды. Ошол эле учурда евро жана орус рублинин баасы төмөндөөнү улантты. Евро