«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» - президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» - президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши тууралуу жооп кайтты.

Анын айтымында, ишканада алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон.

«Бул эми адамдык фактор. «Кумтөрдү» иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: «Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште», – деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта», – деди президент

Жапаров камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун деп талап кылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"

Бишкек мэри Кытай элчиси менен маанилүү долбоорлорду талкуулады

Бишкек мэри Кытай элчиси менен маанилүү долбоорлорду талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын талкуулап, маданият, экономика жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Мэр кытай тарапка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жыл башынан бери биргелешкен долбоорлор ишке ашканын белгиледи. Алардын ичинде Бишкекте