Баткендин жолдорун жакшыртуу үчүн Япония $5.3 млн берет

Баткендин жолдорун жакшыртуу үчүн Япония $5.3 млн берет

«Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча Япония өкмөтү Кыргызстанга $5.3 млн берет. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат гранттык негизде берилет. Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, долбоордун аткаруучу органы – КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Бүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышмакчы.

Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү

Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү

Чет өлкөгө ишке орноштурам деп жарандардан акча алган шылуундар көбөйдү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жарандар агенттиктерди www.migrant.kg расмий сайты аркылуу текшериши керек. Бул жерде лицензиясы бар бардык мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте М. Ибраимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өткөрүштү. Иш-чара Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күндүн алкагында уюштурулуп, керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу маалымат

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводо билдиришти. Министр Канат Сагынбаев жөлөкпул Президенттин демилгеси менен киргизилип жатканын белгилеп, ал үч жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөрүн айтты. Жөлөкпул балдардын тамактануусун жакшыртууга, кам көрүү шарттарын