2023-жылы Чүй облусуна каралган бюджеттик трансферттер 40% кыскарылды
2023-жылга Чүй облусу боюнча теңдөөчү трансферттин көлөмү 328.2 млн сом менен бекитилген. Былтыркы жылга салыштырмалуу, каражаттардын көлөмү 40% кыскартылган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Жалпысынан облуска 558.6 млн сом каралат. Теңдөөчү трансфертер райондор боюнча төмөнкүчө:
- Аламүдүн району – 5.1 млн сом;
- Кемин району – 20.2 млн сом;
- Ысык-Ата району – 80 млн сом;
- Сокулук району – 55.7 млн сом;
- Жайыл району – 70.5 млн сом;
- Москва району – 36.4 млн сом;
- Панфилов району – 15.6 млн сом;
- Чүй району – 44.7 млн сом.