Оштун аэропортунда лицензиясыз валюта аламаштыруу үчүн эки жаранга айып пул салынды
Оштун аэропортунда лицензиясыз валюта аламаштыруу үчүн эки жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана ИИМ Ош шаарынын аэропортун аба транспортунда тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-мартында биргелешкен рейди өткөрүлгөн.
Иш-чаранын учурунда лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн КР эки жаранына (К.Ы.А. жана С.у.Н.) 17 500 сомдон айып пул салынды.