«Салык чек» тиркемеси аркылуу 1 күндө 40 млн сомго кассалык чектер сканерленди

«Салык чек» тиркемеси аркылуу 1 күндө 40 млн сомго кассалык чектер сканерленди

Салык кызматынын лотереясын кайрадан улантуу жарыялангандан кийин бир күндүн ичинде жарандар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 40 млн сомдон ашык суммага 26 миңден ашык кассалык чек сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 23-мартынан тартып «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы жаңы шарттар менен расмий улантылууда.

1-утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат. Анын ичинен 10 батир, 20 электромобиль, 1000 iPhone 14, 1000 Xiaomi смартфону, Дубайга 6 жолдомо (эки кишилик), 300 ноутбук, 40 даана Dyson стайлери.

Мындан тышкары окуңуз

Алтынды жана пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү талкууланды

Алтынды жана пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү талкууланды

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов коргоо чечимдерин жана товарларга байкоо жүргүзүү тутумдарын иштеп чыгууга адистешкен швейцариялык технологиялык SICPA SA компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон жана башка өкүлдөрү, ошондой эле Салык кызматынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери

Жогорку Кеңештин депутаттары расмий иш сапар менен РФна барышты

Жогорку Кеңештин депутаттары расмий иш сапар менен РФна барышты

КРнын ЖКнин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Аларды аэропорттон РФнын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты. Иш сапарга ЖКтин өкүлдөрүнөн сырткары КРнын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов менен «Кыргызтест» мамлекеттик

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объекттерин текшерүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Кара-Көл шаарынын Көк-Бел участкасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталды. Маалым болгондой, тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан

Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат

Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат

Президент Садыр Жапаров Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу боюнча Япония менен түзүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Доументке ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (трассанын 315-чакырымында) узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курулат. Жаңы көпүрө 1964-жылы курулуп, учурда жүк көтөрүү жөндөмүн жоготкон эски көпүрөнүн ордуна