Талас облусуна республикалык бюджеттен трасферттер аркылуу 192.8 млн сом которулат
Талас облусуна республикалык бюджеттен трасферттер аркылуу 192.8 млн сом которулат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, райондор боюнча төмөндөгүдөй каражат бөлүнөт:
- Талас району – 58.5 млн сом;
- Бакай-Ата району – 37.4 млн сом;
- Кара-Буура району – 86.4 млн сом;
- Манас району – 10.5 млн сом.
Эске салсак, былтыр бюджеттер аралык трансферттер 191.7 млн сомду түзгөн.