Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырат
ЖК депутаты Жаныбек Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечти. Бул тууралуу депутат өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди.
«Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм», — деп жазды Абиров.
Өзүнүн чечимин Абиров депутат болууга «моралдык укугум жок» деп түшүндүрдү.
