2022-жылы микрокредиттердин 48%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына багытталды
2022-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 39 млрд сомдон ашты, мында алуучулардын саны 672 миң адамды түздү. Статистикалык маалыматты Улуттук статистикалык комитети келтирди.
Такталгандай, микрокредиттерди алган калктын саны 2021-жылга салыштырганда 4.3%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 6%га көбөйгөн.
Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (7.4 млрд сом же жалпы көлөмүнүн 19%), Ош облусунун (6.8 млрд сом же 17.4%), Чүй (6.4 млрд сом же 16.3%) жана Жалал-Абад облустарынын (5.7 млрд сом же 14.6%) алуучуларына берилген.
2022-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48.5%ы керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11.7%ы – соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6.3%ы курулушка багытталды. Муну менен бирге мурунку жылга салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшүнүн олуттуу – 10% пунктка көбөйүшү байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү тескерисинче 5.1% пунктка, курулушка берилген микрокредиттердин үлүшү 2.1% пунктка кыскарды.