«Ала-Арча» көмөкчордонуна ток чектөөчү реакторлор орнотулду
«Ала-Арча» көмөкчордонунда Бишкек электр тармактар ишканасы 10 кВ токту чектөөчү реакторлорду орнотууда. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасы билдирди.
Такталгандай, жабдуу кыска туташуу токунун кескин чектелиши үчүн иштелип чыккан, ошол кыска туташуу учурунда ректор токтун күчүн азайтат, ошону менен электр жабдууларын бузулуудан сактап, бүтүндөй системанын туруктуулугун жогорулатат.
Ошондой эле, «Ала-Арча» көмөкчордонунда кубаттуулугу 200 МВА болгон автотрансформаторду жаңы АТ-2ге алмаштыруу пландаштырылууда, анын кубаттуулугу 250 МВА.


