«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-департаментинин мурдагы башчысы кармалды
«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалымат боюнча, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.
Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 млн сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.
Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.