«Бай-Түшүмдүн» башкармалыгынын төрагасы кызматынан кетти
Максатбек Ишенбаев «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.
Ишенбаев беш жылдык тарых аяктаганын жазып, жааматка ыраазычылыгын айтты.
Эске салсак, Аскар Салымбековдун жээни Жумабек Салымбеков «Бай-Түшүм» банкынын 50.75% акциясын сатып алган.