КР ички карызы $1.1 млрд ашты – Финансы министрлиги
2023-жылдын 31-январына карата КР мамлекеттик ички карызынын көлөмү 95.6 млрд сомду түздү, бул $1.1 млн же ИДПга карата 10.32%га барабар. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, КР 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек.
Бүгүнкү күндө болсо жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нечеге пайызга төмөн катталып, карыз (тышкы+ички) ИДПга карата 52.33%ды түздү.
Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет.