Май айында Кыргызстан – Израиль авиакаттамы ачылышы мүмкүн
2023-жылдын май айында Кыргызстан менен Израилдин ортосунда түз аба каттамы ачылат. Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн 27-мартта КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Израилдин Кыргызстандагы элчиси Эдвин Глусман талкуулашты. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүү учурунда Глусман Израилдин Кыргызстанда май айында эки өлкө ортосунда түз аба каттамдарын ачуудан тышкары бир катар экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди.
Ал ошондой эле туризм тармагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштап, Израилден Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйүп жатканын белгиледи.