Оштун мэриясы социалдык дүкөндөрдү ижарага берет – акысы 2.7 миң сом (даректер)

Оштун мэриясы социалдык дүкөндөрдү ижарага берет – акысы 2.7 миң сом (даректер)

Ош шаарынын мэриясы социалдык дүкөндөрдү иштетем деген ишкерлерди жеңилдетилген ижара шартында иштетүүгө конкурска катышууга чакырат. Жарыяны мэриянын маалымат кызматы соцтармактарда жайгаштырган.

Такталгандай, ижара акысы ар бир социалдык дүкөнгө айына 2.7 миң сомду түзөт. Дүкөндөр төмөндөгү даректерде курулган:

  • Р.Абдыкадыров 143;
  • Мамыров көчөсү (ориентир Фархад чайканасы);
  • Кулатов кичи району, Ак-Ниет сквери;
  • Төлөнөв көчөсү (ориентир Т.Сатылганов мектеби);
  • Манас-Ата кичи району (ориентир Манас Ата мечити);
  • Туран кичи району (Дача участогу);
  • Кеңеш айылы (Ош-Араван жолунун бою).

Социалдык дүкөндөрдө сатууга сунушталган социалдык маанидеги азык-түлүк товарлар:

  • ун жана ун азыктары;
  • кум шекер;
  • эт жана эт азыктары;
  • сүт жана сүт азыктары;
  • өсүмдүк майы;
  • жумуртка;
  • жаңы тоңдурулган балык;
  • крупа.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объекттерин текшерүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Кара-Көл шаарынын Көк-Бел участкасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталды. Маалым болгондой, тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан

Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат

Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат

Президент Садыр Жапаров Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу боюнча Япония менен түзүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Доументке ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (трассанын 315-чакырымында) узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курулат. Жаңы көпүрө 1964-жылы курулуп, учурда жүк көтөрүү жөндөмүн жоготкон эски көпүрөнүн ордуна

Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 220–269.9-чакырымдарында жол жээктерин кырып-сүрүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо жана бузулган тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкек шаарында тургундарга жана инфраструктурага кооптуу болгон куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык бутоо жана алып салуу иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул аймакта буга чейин жашыл көчөттөр жаңыланып, эски дарактардын ордуна бийиктиги 4 метрге чейин жеткен карагай (ольха) көчөттөрү отургузулган. Мындай иштер экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн көркүн арттырууга жана