Ысык-Көл районунун тургундары Эмгек министрлиги менен социалдык келишим түзүүгө кызыкдар
Ысык-Көл районунун тургундары Эмгек министрлиги менен социалдык келишим түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, министр Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолукту. Талкуунун негизги темасы социалдык келишим болду. Жолугушуунун катышуучуларын чакан бизнес ачууга 100 миң сом алуу шарттары кызыктырды.
Эске салсак, өткөн жылы минкаб тарабынан социалдык контракт түзүү үчүн 292 млн сом бөлүнгөн. 2023 – жылга бюджеттен 10 миң үй-бүлөгө социалдык келишимге 1 млрд сом бөлүнөт.