Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды
Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды. Бул тууралуу КРУБ маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, чечим террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн кабыл алынган.
Айып пулдун суммасы 50 миң сомду түздү.