РКӨФ Кыргызстанда үч миңден ашык долбоорду $518 млн каржылады

РКӨФ Кыргызстанда үч миңден ашык долбоорду $518 млн каржылады

2023-жылдын 1-майына карата Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) жалпы суммасы $518 млн болгон 3.3 миңден ашык долбоорду каржылаган, анын 80% Кыргызстандын аймактарында ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2022-жыл РКӨФ үчүн бардык көрсөткүчтөр боюнча рекорддук жыл болду. Жалпы кредит портфели $213 млн жетти, анын $148 млн ири долбоорлорду каржыланган. Жалпысынан $165.2 млн 44 жаңы долбоор жактырылды, бул 2021-жылга салыштырмалуу беш эсеге көп.

Каржыланган долбоорлордун эң чоң үлүшү приоритеттүү тармактарга туура келген:

  • агроөнөр жай комплекси (57%);
  • транспорт жана логистика (8%);
  • инфраструктураны өнүктүрүү (7%);
  • туризм (6%).

Мындан тышкары окуңуз

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 18-мартындагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев Токтогул суу сактагычында кытай синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычтагы балыктарды көбөйтүү маселеси көтөргөн. Бул боюнча Балык өнөр жайы комплекси департаменти жооп берди. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн, массалык түрдө балык кармоого мораторий

"Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты

"Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты

“Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылгандан бери 1 млрд 671 млн 459 миң сомго дары сатканын “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын жетекчиси Рысбек Акынбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, анын ичинен 185 млн 947 миң сом мамлекетке салык төлөгөн. “Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 72 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары бар. Анын ичинен

Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн

Улуттук статистика комитети өткөргөн басма сөз жыйынында 2025-жылдагы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Улуттук статистикалыккомитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 1 млн 881,5 миң тонна чийки сүт өндүрүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,2%га көп. Көлөмү жана өсүү темпи боюнча Чүй облусу лидер болду. 2025-жылы бул аймакта 495,5

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда  ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу өнүктүрүү департаменти 2026-жылдан баштап республика боюнча 773 айылда суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырыларын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда: * 120 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат; * 27 айыл боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө; * 229 айыл үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалууда; * 219 айыл боюнча долбоорлоо