Түштүк Кореяда он кыргызстандыкка пенсия төлөөдөн баш тартты

Түштүк Кореяда он кыргызстандыкка пенсия төлөөдөн баш тартты

Түштүк Кореяда расмий иштеген Кыргызстандын жарандары пенсиялык топтоо төлөмдөрүн алууга укуктуу. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 83 адамды, алардан 68 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү. 10 кишиге негизсиз төлөнгөн жок, 5 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү $3 676 түздү.

Economist.kgге Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиргендей, Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматы он кыргызстандыкты расмий жумушка орношо электигине байланыштуу төлөөдөн баш тартты.

Мындан тышкары окуңуз

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 18-мартындагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев Токтогул суу сактагычында кытай синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычтагы балыктарды көбөйтүү маселеси көтөргөн. Бул боюнча Балык өнөр жайы комплекси департаменти жооп берди. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн, массалык түрдө балык кармоого мораторий

"Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты

"Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты

“Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылгандан бери 1 млрд 671 млн 459 миң сомго дары сатканын “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын жетекчиси Рысбек Акынбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, анын ичинен 185 млн 947 миң сом мамлекетке салык төлөгөн. “Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 72 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары бар. Анын ичинен

Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн

Улуттук статистика комитети өткөргөн басма сөз жыйынында 2025-жылдагы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Улуттук статистикалыккомитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 1 млн 881,5 миң тонна чийки сүт өндүрүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,2%га көп. Көлөмү жана өсүү темпи боюнча Чүй облусу лидер болду. 2025-жылы бул аймакта 495,5

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда  ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу өнүктүрүү департаменти 2026-жылдан баштап республика боюнча 773 айылда суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырыларын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда: * 120 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат; * 27 айыл боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө; * 229 айыл үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалууда; * 219 айыл боюнча долбоорлоо