Транспорт министрлиги жолдорду оңдоо иштерин улантууда

Транспорт министрлиги жолдорду оңдоо иштерин улантууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызстанда жолдорду оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун 45-46-чакырым аралыгындагы суу өтүүчү түтүктөрдү алмаштыруу жумуштары жүрүүдө.

Бишкек-Ош жолунун 315-427-чакырымдарында жол четин ирээтке келтирүү, жол элементтерин жана көпүрөлөрдү актап, сырдоо иштери аткарылды. Ошондой эле Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолундагы суу өтүүчү түтүктөр тазаланды (0-71-чакырым аралыгы).

Нарын шаарынын Ж. Алаев атындагы көчөсүнө асфальт төшөлдү (264 метр). Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун жээгиндеги таштандыларды тазалоо жана жол белгилерин жаап калган чырпыктарды кыюу иштери жүрүүдө.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 116-135-чакырым аралыгындагы жол белгилерин актап, сырдоо жумуштары аткарылды.

Баетов-Макмал унаа жолун тегиздөө иштери жүрүүдө (4-90-чакырым аралыгы).

Мындан тышкары окуңуз

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулганын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кечээ Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди. "Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Кечээ Бишкек шаарында байланыш операторлору жана шаардык кызматтардын катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жыйында "Бишкекжарык" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканаларынын була-оптикалык линияларды жайгаштыруу үчүн таянычтарды ижарага берүү тарифтерин 50% жогорулатуу планы каралды. Байланыш операторлор ассоциациясы тарифти жогорулатуу боюнча эсептөө

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер жана мүлк мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 16 млн 948 миң 600