КР менен Евробиримдиги «жашыл экономика» боюнча документке кол койду

КР менен  Евробиримдиги «жашыл экономика» боюнча документке кол койду

Европа Биримдиги менен Экономика жана коммерция министрлиги «КРдагы жашыл экономика программасы» алкагында биргелешкен документке кол койду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматыдаболгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, Европанын соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолугуу учурунда кол коюлду.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелер сүйлөшүлдү. Жапаров Европа Биримдиги менен кызматташуу Кыргызстан үчүн приоритет экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулганын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кечээ Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди. "Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Кечээ Бишкек шаарында байланыш операторлору жана шаардык кызматтардын катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жыйында "Бишкекжарык" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканаларынын була-оптикалык линияларды жайгаштыруу үчүн таянычтарды ижарага берүү тарифтерин 50% жогорулатуу планы каралды. Байланыш операторлор ассоциациясы тарифти жогорулатуу боюнча эсептөө

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер жана мүлк мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 16 млн 948 миң 600