Минкаб полиэтиленден кагазга өтүү боюнча жумушчу тобун түзөт
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинде кагаздан жасалган баштыктарды чыгаруучу ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында негизинен Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарды колдонуудан жана сатуудан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган баштыктарга этап-этабы менен өтүү маселеси талкууланып, анда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өндүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.