КФБнын аянтчасында мамлекеттик баалуу кагаздары сатылды

КФБнын аянтчасында мамлекеттик баалуу кагаздары сатылды

КР Финансы министрлиги Кыргыз Фондулук биржасынын соода аянтчасында 2023-жылдын  25-26-май күндөрү 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык векселдердин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигациялардын биринчи жайгаштырууларын жүргүзө баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 12 айлык векселдер сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы менен мамлекеттик казыналык облигациялар эмиссиясынын көлөмү 4.2 млн сомду түздү. Ал эми орточо алынган кирешеси 11.94% болду.

2023-жылдын 26-майында жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казыналык облигацияларын сатуу боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык, чыгаруу эмиссиясынын көлөмү 143.1 млн сомду ал эми орточо алынган кирешеси 15.21% түздү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген