Салык кызматы 5 айда 94.8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Салык кызматы 5 айда 94.8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-май айларында 94 млрд 816.6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1.6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15.3 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 69 млрд 761.7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. План 594.2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 5 айына салыштырмалуу 8.9 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 25 млрд 54.9 млн сомду түзүп, план 1.1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6.4 млрд сомго көп.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген