«Росатом» онкологиялык ооруларды дарылоо борборун түзүүгө жардам берет

«Росатом» онкологиялык ооруларды дарылоо борборун түзүүгө жардам берет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарында «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын жана өзөктүк медицинаны талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында энергетикалык эмес атомдук технологияларды колдонуу жөнүндө кызматташуунун өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга ылайык, бул документ КРда жогорку технологиялык медициналык долбоорлорду биргелешип өнүктүрүүгө багытталган. Атап айтканда, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонула турган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media